Бишкекте таштанды челегинен колго жасалган курал табылды

17:24 19.05.2017

Бишкектин тургуну таштанды челегинен колго жасалган курал таап алган. Бул тууралуу шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

18- майда Ден Сяопин жана Шиштөбө көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды челегинен Бишкек тургуну колго жасалган куралды үч огу менен таап алган. Куралды өз каалоосу менен милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Учурда аталган факт боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.



Тег: Окуялар


Элдик кабарчы

Яндекс.Метрика