Бишкекте жаңы төрөт үйү курулат

16:56 26.09.2017

Бишкекте жаңы төрөт үйү курулат. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Перинаталдык борбор №1 төрөт үйүнүн короосунда ачылат. Анда 10 төрөт залы, 3 операциялык зал, 32 реанимациялык орун ачуу пландалууда.

Курулуш иштерине жана медициналык жабдууларды сатып алууга  Германия өкмөтү 10 миллиондон ашык евро бөлүп берет. Андан тышкары, келишим боюнча биздин өлкөнүн өкмөтү тарабынан 950 миң евро же 76 миллион сом бөлүнөт. Бул Бишкектеги жетинчи төрөт үйү болот.


Тег: Медицина

Яндекс.Метрика