Бишкекте жаш кыргыз режиссердун “Калифорния” тасмасы көрсөтүлөт

13:11 26.01.2018
Screenshot_11.png

 Бишкекте Дастан Мадалбековдун “Калифорния” аталыштагы кыска метраждуу тасмасы көрсөтүлөт. Бул тууралуу кыргыз киносунун сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, ачылышы 30-январда Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө 14:00дө болот. Тасма С.Герасимов атындагы Жалпы россиялык мамлекеттик киноматография институтунун студенти Дастан Маадалбеков тарабынан тартылган.

Кирүү акысыз.

Тасма – рэпке кызыккан жаш москвалык бала тууралуу. Анын ата-энеси Кыргызстандан келген мигранттар, бирок каарман Москвада төрөлүп, чоңойгон болот. Бала Калифорнияга кетүүнү эңсейт, бирок атасы “баласын Мекенине кайтарууну” каалайт.

Тег: Маданият

Яндекс.Метрика