Бишкектин туулган күнүндө борбордо 87 бала төрөлдү

12:05 30.04.2018
9F9925A3-17DA-443D-B4D8-C4669A345239_cx0_cy4_cw0_w1023_r1_s.jpg

Бишкек шаарынын күнү - 29-апрелде борбордо 87 ымыркай, анын ичинде 48 эркек бала, 39 кыз бала төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Жаңы туулган балдардын экөө эгиз.

Бул тизмеге мамлекеттик жана жеке менчик төрөтканаларда туулган балдардын баары кирет.

29-апрелде Бишкек шаарынын 140 жылдыгы белгиленди. Баш калаада бир катар маданий, спорттук иш-чаралар уюштурулду. Башкы аянтта жаш балдар даярдаган концерт гүл жармаңкеси менен коштолду. Кечинде Ала-Тоо аянтында калаанын 140 жылдыгына арналган чоң концерт болду. Бул күнү шаарда төрт түгөй баш кошкону кабарланды.

Тег: Балдар

Яндекс.Метрика