Бишкектин жеткинчек хоккейчилери АКШдагы мелдеште жеңди

17:04 05.12.2017
2017-12-05_13-03-28.png

Бишкек шаарынын хоккей боюнча жеткинчектердин курама командасы "Barrington Ice Arena 2017" кубогунун жеңүүчүсү. Чикаго, АКШ, 5.12.2017-ж.

Бишкек шаарынын хоккей боюнча тогуз жашка чейинки жеткинчектерден куралган командасы АКШнын Чикаго шаарында өткөн Barrington Ice Arena 2017 кубогунда жеңүүчү аталып, алтын медал алышты.

Бул тууралуу оюнчулардын ата-энелери билдиришти. 5-декабрдын таңында болгон финалдык оюнда бишкектик оюнчулар Ice Dogs командасы менен мелдешкен. Биринчи айлампада 3:0 эсебинде Ice Dogs оюнчулары алдыга чыгышкан. Экинчи айлампада эсеп 4:4 эсебинде теңелди. Үчүнчү айлампада эки команда дагы бирден голду эсептерине жазып, мелдештин негизги убактысында 5:5 эсебинде тең чыгышкан.

Жеңүүчүнү аныктоо үчүн буллит дайындалып, анын натыйжасында 8:7 эсебинде кыргызстандык оюнчулар жеңишке жетти.

Barrington Ice Arena 2017 мелдеши 1-декабрда башталган. Ага АКШ, Канада жана Кыргызстандан беш команда катышты. Бишкектин хоккей боюнча балдар курама командасы финалга чейин үч беттеш өткөргөн. Алгач Ice Dogs-2 командасына 11:7 эсебинде жеңилген. Кийин Чикаго курамасын (9:3) жана Evelance Chicago командасын (12:2) утуп финалга жолдомо алган.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика