Биздин максат — өнүккөн өлкөнү, чыныгы көз карандысыз мамлекетти куруу – Жээнбеков

16:03 13.08.2018
33a1632a-e9df-4332-a4c4-37dc18acc228_cx0_cy5_cw0_w1023_r1_s_730x0.730x0.jpg

Президент Сооронбай Жээнбеков КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында сөз сүйлөп жатып коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп өттү.

Ал билдиргендей, бүгүнкү күндө маморгандардын ишиндеги башкы максат – бул өнүккөн жана көз карандысыз мамлекетти куруу.

“Бул максатка жетүү үчүн жол тайгак жана оор болот. Коомчулукта тынчтыкты жана ынтымакты сактоо жана өлкөдөгү саясий туруктуулук өнүгүүнүн пайдубалы болуп саналат”, - деп билдирди мамлекет башчысы.

Тег: Саясат

Яндекс.Метрика