Боом капчыгайында оор жүк ташуучу автоунаа күйүп кетти

14:04 19.01.2018
Screenshot_14.png

 Бишкек-Балыкчы автоунаа жолунун 145-чакырымында оор жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя кечээ саат 16:30дарда катталган. “МАN” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өрттөнгөн. Өрттү ӨКМдин №19 өрт-куткаруу бөлүмү бир саатта толугу менен өчүргөн. Тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.

Автоунаанын ээси жана андагы жүк тууралуу маалыматтар азырынча белгисиз. 

Тег: Орто Азия

Яндекс.Метрика