БУУ: 2017-жыл эң ысык үч жылдын бири болгону калды

16:06 06.11.2017
2017-11-06_19-05-50.png

Дүйнөлүк метеорология уюмунун баш катчысы Петтери Таалас.

2017-жыл каттоо башталгандан берки эң ысык үч жылдын бири болгону калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк метеорология уюму Германиянын Бонн шаарында 6-ноябрда башталган БУУнун климат боюнча конференциясында билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл январь-сентябрь айларынын аралыгында дүйнөлүк температура 1981-2010-жылдарга салыштырмалуу жарым градус цельсийге жогору болду.

Эл-Нино феноменинен улам 2016-жыл эң ысык жылдардын башкы сабында турат. 2015-жыл жана 2017-жыл андан кийинки экинчи орунга чыкты.

Климаттын өзгөрүүсү боюнча эки жыл мурда кабыл алынган Париж келишимин бекемдөөнү көздөгөн эл аралык конференцияга 200дөй өлкөнүн өкүлдөрү катышууда.

Тег: БУУ

Яндекс.Метрика