Үч күндүк рейддин жүрүшүндө Ошто 1 миң жол эрежесин бузуу аныкталды

12:14 26.01.2018
Screenshot_10.png

 Ош шаарында “Мыйзам жана тартип” аталышындагы үч күндүк рейд жүргүзүлүп, 1008 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. Бу тууралуу Жол коопсуздугу башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматы боюнча, бардык фактылар боюнча административдик протокол түзүлгөн.

- унааны мас абалында башкаруу боюнча – 12 протокол;

- унааны керектүү документи жок башкаруу боюнча – 10 протокол;

- жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып токтотуучу жайга – 41 унаа токтотулду;

- тиешелүү уруксат кагаздары жок унаа башкаруу боюнча төрт айдоочуга карата чара көрүлдү;

- тиешелүү таризде унаа каттоодон өткөрүлбөгөндүгү үчүн – 8 протокол;

- ар түрдүү жол эрежесин бузуу боюнча – 256 административдик протокол түзүлгөн.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика