Чүй облусунда калктын аярлуу катмарына 450 тоннага жакын көмүр акысыз таратылды

11:00 21.12.2017
Screenshot_11.png

Чүй облусунун Сокулук районундагы 5 айыл өкмөткө 450 тонна көмүр акысыз таратылды. Бул тууралуу “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ, акысыз көмүрлөрдү таратуу Жаңы-Пахта айылынан башталган.

“Бул жерге жалпысынан болжол менен 450 тоннага жакын көмүр жеткирилди. Катуу суук түшкүчө калктын аярлуу катмарын аз да болсо көмүр менен камыз кылалы дедик”,-деп билдирди “Ас-Салам” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Нурмухаммед Миңбаев.

Анын айтымына караганда, кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында Нарын жана Ысык-Көл облустарына да акысыз көмүр таратылат.

Тег: Коомчулук

Яндекс.Метрика