Чехияда президенттик шайлоо башталды

16:13 12.01.2018
Screenshot_15.png

 Чехиянын жарандары жаңы президентти шайлоого киришти. Анда өлкөнүн учурдагы президенти Милош Земан баш болгон тогуз талапкер ат салышууда.

Добуш берүү жума күнү башталып, ишембиде жыйынтыкталат. Президенттик шайлоонун биринчи турунда иммиграцияга каршы турган жана орусиячыл деп мүнөздөлгөн учурдагы президент Земан алдыга чыгат деп күтүлүүдө.

Эгер биринчи айлампада бир дагы талапкер көпчүлүк добушка ээ боло албаса, эң көп добуш алган эки талапкер 26-27-январда президенттик шайлоонун акыркы айлампасында күч сынашат.

Земан Чехиянын президенти болуп 2013-жылы шайланган. Ал кезинде Европадагы миграция кризисин "уюшулган басып алуу аракети" деп мүнөздөп, мусулмандардын "интеграция болушу мүмкүн эмес" деп айткан.

Химия профессору жана Чехиянын Илимдер академиясынын эки жолку президенти Йири Драхос Земандын эң башкы атаандашы катары каралууда.

Чехияда 8,4 миллион шайлоочу бар. Добушканалар 13-январда саат 14:00дө жабылып, кечинде алгачкы жыйынтыктар белгилүү боло баштайт.

Тег: Шайлоо

Яндекс.Метрика