Дүйнөнүн 150 шаарынын мэрлери Бишкекке тажрыйба алмашууга чакырылды

13:00 06.03.2018
20180306_111301_730x0.730x0.jpg

 Дүйнөнүн 150 шаарынын мэрияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери V Эл аралык мыкты муниципалдык тажрыйбалар форумуна катышууга Бишкекке чакырылды.

Форум 2018-жылы 11-12-апрелде “Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясында өтөрүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КР ЖӨБ Союзунун аткаруучу директору Өмүрбек Алманбетов айтып берди.

“Былтыр Россиянын шаарлар Союзунун президент Станислав Машаров Бишкекте КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер мамлекеттик агенттигинин жана калаа мэриясынын жетекчилиги менен Бишкекте жолугушкан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз тарап бул форумга катышууга кызыкдарлык билдирген, меймандар аны Бишкекте өткөрүүнү сунушташкан”, - деп билдирди Алманбетов.

Муниципалдык кызматтар үчүн ишкер аянтчасын уюштуруу демилгесин Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков да колдоого алып, жактырган. Форумду өткөрүү үчүн аткаруучу топ түзүлүп, аны КР өкмөтүнүн аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы Эмилбек Бусурманкулов жетектеген.

Тег: Иштешуу

Яндекс.Метрика