Дүйнө жүзү боюнча мунай баасы 2020-жылга чейин кымбаттабайт – эксперт

15:22 25.05.2016



Бишкек. 25-май. КирТАГ   - Дүйнө жүзү боюнча мунай баасы 2020-жылга чейин төмөн бойдон калат. Мындай пикирин The Economist Intelligence Unit башкы экономисти жана башкаруучу директору Саймон Баптист билдирди.

«Казакстан үчүн учурда мунай баасы маанилүү фактор болуп турат. Мунай баасы биз көнүп алган 100 доллардын арзандап, учурда баррели 40-50 доллардын айланасында болууда. The Economist Group мунай баасы 2020-жылга дейре төмөн бойдон калаарын айтышат, андан кийинки жылдарда көтөрүлүшү күтүлөт, бирок мурункудай, баррели 100 долларга чыкпайт», - деди С. Баптист шаршемби күнү Астана шаарындагы экономикалык форумдун жүрүшүндө. 


Теги: Акча каражаттары, Эксперт

Яндекс.Метрика