Дача-Сууда курман болгондор үчүн эң кеминде 100 миң доллар берилиши керек

15:51 17.02.2017

Дача-Сууда курман болгондор үчүн эң кеминде 100 миң доллар берилиши керек.

Бул тууралуу сот жактоочу Асель Рысбаева билдирди.


26512_w654_h402_resize.jpg


Эске салсак, кыргызстандык адвокаттар жабыркагандарга түркиялык кесиптештери менен акысыз юридикалык жардам көрсөтүү ниетинде.

Рысбаева белгилеп кеткендей, материалдык жана моралдык чыгым ар бир учурда жекече эсептелет. Бирок дүйнөлүк практикада каза тапкандардын жакындары 100 миң доллардан кем эмес жөлөк пул алуусу шарт.

Юрист кошумчалагандай, азырынча жабыркагандар түркиялык жактоочуларга кайрылуудан чоочулап жатат.

Мындай жагдай мамлекетке таянуу менен чыгымды толтуруу үмүтүнө байланыштуу болушу мүмкүн.


Теги: Акча каражаттары, Коомчулук, Окуялар


Элдик кабарчы

Яндекс.Метрика