ДКО-2018: Байге фонду 28 млн сомду түзөт

16:04 16.05.2018
1472066396_0_fdd46_19dcc380_orig_730x0.730x0.jpg

2018-жылдын сентябрь айынын башында Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын байге фонду 28 млн сомду түздү,-деп билдирди Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев.

Экинчи ДКОнун жалпы байге фонду 27 млн сомду түзгөн.

Арпачиев кошумчалагандай, 2018-жылы медалдар спорттун 37 түрү боюнча ойнотулат. 582 медаль коюлат, анын 270 – алтын, 170 – күмүш, 120 – коло.

Ал билдиргендей, биринчи көчмөндөр оюндарында 166 жуп медаль ойнотулса, экинчиде 387 медаль коюлган.

Теги: Коомчулук, Акча каражаттары

Яндекс.Метрика