Доха шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилди

12:00 09.12.2017

Катардын баш калаасы Дохада кыргызстандык жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы уюштурулду. Бул тууралуу “Азаттыка” Кыргызстандын Катардагы толук ыйгарымдуу элчиси Нуран Ниязалиев билдирди.

Айтматовдун күйөрмандары Дохадагы Француз институтунда чогулуп, “Жамийла”, “Ак кеме”, “Гүлсарат” повесттери тууралуу ой бөлүштү. Элчи Ниязалиев чогулгандарга Айтматовдун дүйнө адабий мурасына болгон салымы тууралуу айтып берди. 

Теги: Маданият, Коомчулук

Яндекс.Метрика