Доллар 5 күндө 40 тыйынга кымбаттады

11:02 15.11.2016

Доллар 5 күндө 40 тыйынга кымбаттады.


Screenshot_1.png


11-ноябрда 69 сомдук көрсөткүчтө биротоло калыптанган америкалык валюта мунун менен токтобой, 70 сомго карай бет алууда. Учурга карата аны Бишкектин валюта алмаштыруу жайлары 69 сом 25 тыйынга сатып алышып, кайра 69 сом 35-40 тыйынга сатышууда.

Улуттук банк жогорулоо багытын кармап калуу үчүн ноябрда 2 ирет 20 миллион 600 миң долларга интервенция жасаган. Бирок андан жыйынтык чыга элек.


Теги: Акча каражаттары, Экономика

Яндекс.Метрика