Доллар 5 күндө кунун 1 сомго чейин көтөрүлдү

09:01 30.04.2017

Доллар 5 күндө кунун 1 сомго чейин көтөрдү.

Улуттук банк апрелде жүргүзгөн 16 миллион доллардык интервенциясы америкалык валютанын солгундашын азайтпастан гана, ага кымбаттоого түрткү болду.

Акыркы суткада доллар дагы 20 тыйынга бекемделип, 68 сомдук көрсөткүчкө жетти.

Эске салсак, эки жума мурда АКШ валютасы 2 сомго чейин алсырап, сатып алуусу 66 сомго чейин түшкөн.

Улуттук банк муну мигранттардын акча которуулары сезонго жараша көбөйүп жатканы менен түшүндүргөн.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика