Доллар 69 сом — Улуттук банк августтагы 3-интервенция жасады

14:53 30.08.2016

Улуттук банк августтагы 3-интервенция жасады.




Кечээ каржылык мекеме доллардын кунун солгундатуу үчүн валюта рыногунда 3 миллион 800 миң доллар сатты. Ушуну менен Улуттук банк августтагы интервенциясы 21 миллион 730 мин долларды чапчыды.

Анын ортосунда, америкалык валюта бүгүнкү күндө 69 сомго теңелди. Ал эми сатып алуу куну 68 сом 88 тыйынды түзүүдө.

Доллар көпкө чейин 67 сомдук деңгээлде кармалып, бирок июлдун акырынан бекемделип баштаган.


Теги: Акча каражаттары, Экономика

Яндекс.Метрика