Доллар 69 сомдук деңгээлге жакындап калды

12:02 21.06.2017

Доллар 69 сомдук деңгээлге жакындап калды.

Акыркы суткада ал дагы 15 тыйынга кымбаттап, учурда 68 сом 60 тыйынга сатылып алынып, кайра 68 сом 80-85 тыйынга сатылууда.

Буга карата Улуттук банк таасир эте элек.

Өлкөнүн башкы каржылык мекемеси интервенцияларды апрелдин акырынан жүргүзгөн эмес.

Белгилеп кетсек, доллардын куну мигранттардын акча которууларына карата серпилип турат.

Жакында Улуттук банк алардын көлөмү азайганын маалымдаган.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика