Доллар 69 сомдук курска багыт алды

12:03 04.08.2016

Доллар 69 сомдук курска багыт алды.




Бүгүнкү күндө Бишкектин валюта алмаштыруу жайлары аны 65 сом 55 тыйындан сатып алышып, кайра 68 сом 74 тыйынга сатышууда. Ушуну менен доллар 1 жума ичинде эле 1,5 сомго көтөрүлдү.

Анын ортосунда, Улуттук банк интервенцияларды 28-июлдан бери жасай элек. Анда доллардын кунун төмөндөтүү үчүн 13,5 миллион доллар сатылган.

Серепчилер валютанын кымбатташы тенге жана рублга карата доллар бекемделгенине жана быйыл туристтер аз болуп, демек, чет элдик акчанын келиши дагы солгундаганы менен түшүндүрүшөт.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика