Доллар 69 сомго чыкты

13:10 22.06.2017

Доллар 69 сомго чыкты.

Кечээтен бери америкалык валюта дагы 20 тыйынга кымбаттады.

Учурда аны Бишкекте 68 сом 70 тыйынга сатып алышып, кайра 69 сомго сатышууда.

Белгилеп кетсек, доллардын бекемделиши ушул жумада жанданган.

4 күн мурда эле АКШ валютасы 68 сом 60 тыйындык деңгээлде кармалып жаткан.

Анын ортосунда, Улуттук банк курска таасир этүү үчүн интервенцияларды жүргүзө элек.

Акыркы ирет каржылык мекеме валюта рыногуна апрелдин акырында кийлигишкен.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика