Доллар арзандады

12:40 20.10.2016

Жуманын башынан бери америкалык валюта 25 тыйынга солгундап, учурда сатып алуу куну 68 сом 10 тыйынды түзсө, сатуу баасы 68 сом 25 тыйынга теңелди. Жалпысынан алганда, доллардын курсу кескин секириктерди жасаган жок. Валюта 68,5 сомдук деңгээлдин айланасында жай чайпалууда.

Улуттук банк акыркы ирет интервенциясын сентябрдын акырында жасап, долларды колдоо максатын көздөгөн.


1014834843.jpg


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика