Доллар бир суткада 40 тыйынга секирик жасады

12:06 03.08.2017

Доллар бир суткада 40 тыйынга секирик жасады.

Учурда аны Бишкектин валюта алмаштыруу жайлары 69 сом 20 тыйынга сатып алышып, кайра 69,5 сомго сатышууда.

Акыркы жумада, ошондой эле, евро кымбаттады.

Азыр аны 80,5 сомго сатып алышып, кайра 82 сом 70 тыйынга сатышууда.

Муну менен ал 1 сом 20 тыйынга бекемделди.

Рубль, тескерисинче, позицияларын жоготту. Анын куну 20 тыйынга түшүп, сатыгы 1 сом 16 тыйынга теңелди.

Тенге калыбын өзгөрткөн жок.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика