Доллар дагы бекемделди

19:00 01.09.2016



Доллар дагы бекемделди.

Акыркы суткада америкалык валюта 20 тыйынга кымбаттап, сатыгы 69 сом 15 тыйынга теңелди. Сатып алуу куну 69 сомду түзүүдө.

Анын ортосунда, Улуттук банк интервенцияны акыркы жолу 29-августта жасап, 3 миллион 800 миң доллар саткан. Бирок бул аракети жыйынтык берген жок.

Доллар көпкө чейин 67 сомдук деңгээлде кармалып, бирок июлдун акырынан бекемделип баштаган. Улуттук банк августта 3- интервенция жасаган.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика