Доллар эки күндө дагы 30 тыйынга позициясын бекемдеди

14:43 30.06.2017

Доллар эки күндө дагы 30 тыйынга позициясын бекемдеди.

Учурда аны Бишкектин валюта алмаштыруу жайлары 69 сом 10 тыйындан сатып алышып, кайра 69 сом 40 тыйынга өткөрүүдө.

Доллар июндун башынан бери кымбаттап жатат. Бул аралыкта ал дээрлик 1 сомго бекемделди.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов валюта рыногундагы абалды туруктуу деп баалап жатат.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика