Доллар кайрадан чайпалууда — эми кымбаттоо жагына

12:12 27.07.2017

Доллар кайрадан чайпалууда.

Америкалык валюта эми кымбаттоо багытына бет алды. Б

ир жумада доллар 40 тыйынга бекемделип, 69 сомдук көрсөткүчкө жакындап калды.

Учурда аны Бишкекте 68 сом 40 тыйынга сатып алышып, кайра 68 сом 80 тыйынга сатышууда.

Эске салсак, доллар июндун башынан бери туруксуз абалда кармалып жатат.

Бул мезгил аралыгында ал 70 сомдук көрсөткүчкө чейин чыгып, интервенциялардан соң кайра түшкөн.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика