Доллар кунун бекемдөөсүн улантууда

13:13 20.06.2017

Доллар кунун бекемдөөсүн улантууда.

Акыркы суткада ал дагы 10 тыйынга кымбаттап, сатып алуу курсу 68 сом 40 тыйын, сатыгы 68 сом 70 тыйынга теңелди.

Белгилеп кетсек, доллар июндун башынан бери акырындап кымбаттап жатат.

Бул мезгил аралыгында ал дээрлик 50 тыйынга бекемделди.

Анын ортосунда, Улуттук банк валюта рыногунда абалды туруктуу деп баалап жатат.

Интервенциялар апрелдин акырынан бери жүргүзүлө элек.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика