Доллар Кыргызстанда кайрадан арзандап жатат

18:24 17.07.2017

Доллар Кыргызстанда кайрадан арзандап жатат. Эс алуу күндөрү анын куну  30 тыйынга төмөндөдү.

Бүгүнкү күндө америкалык валютаны акча алмаштыруу жайлары 68 сом 60 тыйындан сатып алып, кайра 69 сом 20 тыйынга өткөрүүдө. Доллар куну төмөндү карай өткөн жумада багыт алды. Бул үчүн Улуттук банк 2 ирет валюта рыногуна чыгып, жалпы жолунан 20 миллион доллардан ашык сатты.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика