Доллар турукташты

09:08 27.04.2017

Доллар турукташты.

Акыркы суткада ал дагы 20 тыйынга кымбаттап, марттагы көрсөткүчүнө кайтып келди.

Азыркы тапта аны Бишкектин валюта алмаштыруу жайлары 67 сом 30 тыйынга сатып алышып, кайра 67 сом 60 тыйынга сатышууда.

Эске салсак, доллар эки жума мурда арзандап баштаган. Жуманын башында ал жалпысынан 2 сомго солгундаган.

Улуттук банк долларды колдоо үчүн апрелде 16 миллион доллардын ашыгын сатып алган.

Америкалык валютанын арзандашы сезондук фактор менен түшүндүрүлгөн болчу.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика