Доллардын чайпалышы газдын баасына таасир тийгизди

14:11 01.11.2016

Доллардын чайпалышы газдын баасына таасирин тийгизбей койгон жок.


partners.jpg


Ноябрда керектөөчүлөр көгүлтүр отко көбүрөөк төлөп калышат. “Газпром Кыргызстан” маалымдагандай, кирип келген айда тиричилик абоненттер 13 тыйынга жогору баа менен төлөшөт. Алар үчүн ар бир миң кубметри 14 сом 40 тыйынды түздү. Өндүрүш ишканаларга көгүлтүр от 15 тыйынга кымбаттап, 17 сом 64 тыйынга теңелди.

Эске салсак, газдын баасы ай сайын доллардын курсуна жараша өзгөрүп турат.


Теги: Экономика, Акча каражаттары

Яндекс.Метрика