Доллардын курсу 14 жылдагы жогорку чегине жетти

15:30 15.12.2016

Screenshot_1.pngАКШ долларынын дүйнөдөгү башка ири валюталарга карата курсу соңку 14 жылдагы эң жогорку чекке көтөрүлдү. Буга Кошмо Штаттарда борбордук банк деп саналган Федералдык резерв системасынын кийинки жылга карата үстөк пайыздарды жогорулатканы себеп болду.

Борбордук банк үстөк пайыздарды 0,25 пайызга көтөргөнүн жарыялагандан кийин доллардын курсу 2003-жылдан берки жогорку чегине жетти.

Евронун долларга карата курсу 1,2 пайызга төмөндөп, март айынан берки төмөнкү чегин көрсөттү. Британиянын фунт стерлинги бир пайызга, кытай юаны дээрдик эки пайызга кунун жоготту.

 

Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика