Доллардын кымбатташы анын тартыштыгына байланыштуу

15:42 12.01.2017

Доллардын кымбатташы анын тартыштыгына байланыштуу.

Бул тууралуу серепчилер билдирүүдө.

Эске салсак, акыркы жумада доллар 50 тыйынга кымбаттап, учурда 69 сом 70 тыйынга сатылууда.


a2d432f0e1af46c0ee1c3540e5ee7e0d.jpg


Валюта алмаштыруу жайлар ассоциациясынын төрагасы Бактыбек Чойбеков байкагандай, мындай көрүнүш тан каларлык. Себеби, Россияда рубль долларга карата бекемделди, ал эми Кыргызстанда адатта жагдай кайталанат. Андыктан биздин өлкөдө доллардын кымбатташы анын тартыштыгы менен түшүндүрүлөт.

Буга кошулган экономист Жумакадыр Акенеев америкалык валютанын көлөмү күйүүчү май сатып алуу сыяктуу жылдын акырындагы соода операцияларынан улам азайганын белгиледи.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика