“Дордой” футбол боюнча Кыргызстандын 10 жолку чемпиону болду

13:44 05.11.2018
Screenshot_3.png

 “Дордой” футбол клубу футбол боюнча Кыргызстандын 10 жолку чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясынан кабарлашты.

Бишкектин “Дордой” футболдук клубу Оштун “Алай” клубун 3:1 эсебинде утуп, өлкө биринчилиги аяктабай эле чемпион аталды.

Мелдештин жыйынтыгы менен “Дордой” 65 упайга, “Алай” 57 упайга ээ болгон.

5-6-ноябрда өлкө биринчилигинин акыркы оюндары өтөт.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика