Дубайда дүйнөдөгү алгачкы учкан такси сыноодон өттү

07:59 28.09.2017

a73c95d0dacaa5abab55fa56be54bdb7-1.jpg


Дубайда дүйнөдөгү алгачкы учкан такси сыноодон өттү.

Айдоочусу жок эле жүргөн унаа жерден 200 метр бийиктикке көтөрүлүп, 5 мүнөт учуп, андан соң жумшак конуу жасады.

Машина 18 пропеллердин жардамы менен учат.

Аппарат электр моторлор менен иштеп, абада кубатталбай жарым саатка чейин боло алат.

Учкан унаанын ылдамдыгы саатына 60 чакырымга жетет.

Дубай бийлиги мындай аппараттардын негизинде айдоочусу жок башкарылган таксилер паркын түзүү ниетинде.


Тег: Технология

Яндекс.Метрика