Дыйкандарга 4,6 миллиард сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

16:00 09.07.2018
yv.730x0.jpg

Кыргызстандын дыйкандарына берилген жеңилдетилген насыя 2018-жылдын 5-июлуна карата 4 миллиард 614 млн. 987,6 миң сомду түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди.

Анын айтымында, бардыгы болуп көрсөтүлгөн мезгилге 10 миң 305 жеңилдетилген насыя берилген.

“Берилген каражаттын жалпы суммасы 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,2 миллиард сомго көп. Бардыгы болуп 264 айыл-чарба субъектиси 23 миллион 983, 5 миң сом өлчөмүндө жеңилдетилген каражат алышты”, - деп түшүндүрдү ал.

Теги: Акча каражаттары, Өкмөт

Яндекс.Метрика