Дзюдо боюнча Азия биринчилиги Кыргызстанда өтөт

08:49 17.02.2017

Бишкек шаарында өтө турган мелдешке 30дай өлкөнүн спортчуларынын катышуусу күтүлүүдө.

Кыргызстанда жайында дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Дзюдо федерациясы билдирди.


26512_w654_h402_resize.jpg


Маалыматка ылайык, эл аралык спорттук иш-чара Бишкек шаарында 13-июлдан 16-июлга чейин өтөрү белгиленип, ага 30 өлкөнүн спортчулары катышмакчы.

Эске сала кетсек, Кыргызстан дзюдо боюнча Азия биринчилигин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн алгачкы жолу алууда.


Тег: Спорт

Яндекс.Метрика