Эксперт: күзүндө доллар кайрадан кымбаттайт

10:28 19.07.2016

Жайдын соңунда доллар 65 сомго чейин баасын төмөндөтүшү мүмкүн. Мындай пикирин "ВБ"га экономист Кенешбек Алимбеков бөлүштү.




Эскерте кетсек, Американын валютасы ноябрдын соңунда 75-76 сом болуп, ушул жылдын февраль айында арзандай баштаган, азырынча 67 сомдун тегерегинде кармалып турат.

"Бул сезондуу фактор. Буга чейин 65 долларга чейин арзандайт го деп күтүп жаткам. Азыр туристтик сезондун маалы. Көп туристтер Кыргызстанга келип жатат жана алардын келиши биз үчүн товардын экспортун түшүндүрөт. Ошондуктан чет элдик валютанын келиши көбөйдү, мындан улам доллардын сомго карата курсу төмөндөп жатат. Бирок бул убактылуу тенденция",-деп эсептейт Алимбеков.

Бирок, анын пикиринде туристтик сезон өткөндөн кийин доллар кайрадан өзүн чыңдай баштайт.

"Жайдан кийин тескери динамика башталат жана доллар кайрадан жогорулайт. Анткени чет элдик валютанын наркынын төмөндөшү өлкөнүн экономикалык абалы менен байланыштуу. Бирок бизде экономикалык өсүш жок жана экспорт төмөндөп жаткандыктан жайдан кийин да доллар арзандайт деп прогноз берүүгө болбойт. Тескери процесс болот жана доллар кайрадан баасын жогорулатат",-дейт эксперт.


Теги: Эксперт, Акча каражаттары

Яндекс.Метрика