Эрдоган мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барды

10:00 30.04.2018
0c18579f-d98f-4e07-bd9d-b838f65737f1_cx0_cy10_cw0_w1023_r1_s.730x0.jpg


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 29-апрель кечинде мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барды.

Gazeta.uz басылмасы кабарлагандай, Ташкент аэропортунан түрк лидери менен жубайын Өзбекстандын премьер-министри Абулла Арипов тосуп алды.

Сапардын жүрүшүндө Эрдоган Өзбекстан парламентинде сөз сүйлөп, өлкө президенти Шавкат Мирзиёев менен бирге түрк жана өзбек ишкерлеринин форумуна катышат. Андан тышкары түрк президенти 1-майда Бухарага барат деп күтүлүүдө.

Ташкентке учардын алдында Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы эл аралык Ата-Түрк аэропортунда брифинг өткөргөн.

Түрк президентинин сайтында жазылгандай, анда Эрдоган Түркия менен Өзбекстан колдон чыгарылган мүмкүндүктөрдү кайрадан калыбына келтирет деген ишенимин билдирген.

Андан тышкары ал Өзбекстанда имам Аль-Бухари жана имам Матуриди атындагы илимий-изилдөө институттарын ачуу пландары тууралуу айткан.

Тег: Президент

Яндекс.Метрика