Эс алуу күндөрү доллар дагы кымбаттады

12:50 05.06.2017

Эс алуу күндөрү доллар дагы кымбаттады.

Учурда аны Бишкектин валюта алмаштыруу жайлары 68 сом 30 тыйынга сатып алышып, кайра 68 сом 35-40 тыйынга сатышууда.

Муну менен эки күндө доллар 20 тыйынга бекемделди.

Белгилеп кетсек, америкалык валюта экинчи жума бою кымбаттап жатат.

Анын ортосунда, Улуттук банк интервенцияларын апрелдин акырынан бери жасай элек.


Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика