ЭВФ Кыргызстанда өз ишин баштады

12:00 29.06.2018
11.730x400.jpg

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Кыргызстанда өз ишин баштады. Бул тууралуу КР Улуттук банктын сайтында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, ЭВФ өз ишин 28-июнда баштады, 2018-жылдын 9-июлунда аяктайт.

Визиттин максаты – бул өлкө экономикасындагы акыркы жагдайларды, 2018-жылга болгон мамлекеттик бюджеттин аткарылышын жана жакынкы мезгилдерге болгон келечектүү пландарды талкуулоо.

Сапардын алкагында КР өкмөтүнүн, Улуттук банктын жана башка каржы уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт.

Тег: Акча каражаттары

Яндекс.Метрика