Евробиримдик Азимжан Аскаров боюнча Кыргызстандын позициясын түшүнөт

19:00 17.02.2017

Евробиримдик Азимжан Аскаров боюнча Кыргызстандын позициясын түшүнөт.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Бельгиядагы уюмдун жетекчилери менен жолугушуусунда соттолгондун маселеси көтөрүлдү.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин айтымында, Аскаровдун иши мыйзам чегинде гана каралышы керек жана чет жактан кийлигишүүгө жол берилбейт.

Эске салсак, Азимжан Аскаров 2010-жылкы июнь башаламандыктарды уюштурууга жана милиция кызматкерин өлтүрүүгө тиешелүү деп, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Бириккен Улуттар уюму тергөө адилетсиз жүргөнүн билдирип, аны кайра карап чыгууну талап кылган.

Быйыл январда Чүй облустук соту өкүмдү күчүндө калтырды.


Теги: Саясат, Коомчулук

Яндекс.Метрика