"Facebook" Кадыровдун барагы эмне үчүн жабылганын түшүндүрдү

17:00 29.12.2017
Screenshot_16.png

"Facebook" чечен лидери Рамзан Кадыровдун бул социалдык түйүндөгү барагы АКШ өкмөтүнүн санкцияларынан улам жабылганын билдирди. Компания 28-декабрда жарыялаган билдирүүсүндө санкциялар Кадыровдун "Фейсбуктагы" жана "Инстаграмдагы" барагын жабыш үчүн "мыйзамдуу милдеттенме" экенин белгиледи.

20-декабрда АКШ Кадыровду "Магнитски мыйзамынын" негизинде түзүлгөн санкциялык тизмеге кошкон. Ал Орусиянын курамындагы Чеченстанда адам укуктарын бузганы үчүн айыпталган. Кремл болсо Кадыровго каршы санкцияны “мыйзамсыз” деп атаган.

"Facebook" санкцияга кабылган башка адамдардын барактарын жабар-жаппасы азырынча белгисиз. Жаза чаралары "Магнитский" мыйзамынын алкагында жалпысынан 52 адамга жана компанияларга киргизилген.


Тег: Гаджеттер

Яндекс.Метрика