Facebook компаниясы Мексикага жардам катары миллион доллар бөлөт

14:11 22.09.2017

19-сентябрда Мексикада күчү 7,1 магнитудага жеткен жер титиреп, анын кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 230 киши каза болгон.

Facebook компаниясы Кызыл Чырым уюмунун Мексикадагы бөлүмүнө жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам катары миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу социалдык тармактын негиздөөчүсү Марк Цукерберг өзүнүн баракчасына жазды.

Ал ошондой эле Facebook БУУнун балдар фонду (UNICEF) менен кызматташып жатканын билдирген. Мындан сырткары, Мексика үчүн берилип жаткан кайрымдуулук акчаларынан комиссия алынбай турганын кошумчалады.

Эске салсак, 19-сентябрда Мексикада күчү 7,1 магнитудага жеткен жер титиреп, анын кесепетинен акыркы маалыматтар боюнча 230 киши каза болгон. Учурда дүйнөнүн бир катар мамлекеттери Мексикага жардам берүү операцияларын жүргүзүүдө.



Теги: Технология, Акча каражаттары, БУУ

Яндекс.Метрика