Футзал боюнча жаштар үчүн Азия чемпионатынын 3-беттеши ийгиликсиз болду

17:03 19.05.2017

Футзал боюнча жаштар арасында Азия чемпионатынын 3-беттеши биздикилер үчүн ийгиликсиз болду.

Улуттук курама Бангкокто уланып жаткан биринчиликте Бириккен Арабия Эмираттарынын командасына жеңилип калды.

Оюндун биринчи эле мүнөтүндө кыргызстандыктар эсеп ачканына карабай, кийинки убакытта кууп жетүүчүлөрдүн ролуна түштү.

Жыйынтык 4:3, атаандаштын пайдасына.

Буга чейин курама Кытай жана Монголия менен тең ойногон.

4-беттеш эртең — биздикилер Ирандын футзалчылары менен кез келет.


Тег: Спорт

Яндекс.Метрика