Грузия Кыргызстандан айыл чарба продукциясын алууга кызыкдар

09:05 30.11.2017
2017-11-30_12-34-15.png

Оштогу базар

Бул тууралуу Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Зураб Абашидзе экономика министри Артем Новиков менен жолуккан учурда билдирди. Аталган министрликтин маалыматына караганда, Новиков соңку учурда эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык, саясий кызматташтык өнүгүп жатканын белгилеп, бирок аны жаңы деңгээлге жеткирүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле “Таза коом” долбоорунун алкагында Грузиядан инвестиция тартуу демилгелери колдоого алынарын кошумчалады.

Өз кезегинде грузин элчиси анын өлкөсү Кыргызстандан айыл чарба продукциясын, анын ичинде кургатылган жемиштерди, төө буурчак ташууга кызыктар экенин айтты. Ошону менен бирге Кыргызстанга минералдык суу, грузин виносун алып келүүгө даяр экенин белгиледи.

Тег: Экономика

Яндекс.Метрика