iPhone 8 Plus смартфонунун камерасы эң мыкты деп табылды

09:21 26.09.2017

iPhone 8 Plus смартфонунун камерасы эң мыкты деп табылды. Адистерди анын сыртта сүрөткө тартуу жөндөмдүүлүгү таң калтырууда – камера жаратылышты болгон турпаты менен тартып, өң-түстөрдү өзгөртпөйт.

Портреттүү сүрөттөр дагы мыкты чыгат, алсак, адамды даана чыгарып, арткы фонду болсо, анча көрүнбөгөндөй кылып коет. Бул камерага орнотулган жаңы фокустук объективдин жардамы менен ишке ашууда. iPhone 8 жана iPhone 8  Plus сатыкка 22-сентябрда чыгарылды.


Тег: Гаджеттер

Яндекс.Метрика