Исаков айдоочулук күбөлүк берүүнү татаалдатууну тапшырды

17:00 10.11.2017
10.png

 Премьер-министр Сапар Исаков айдоочулук күбөлүк берүүнү бирдиктүү тестирлөө борборун түзүү жолу менен күчтөндүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөт башчы өкмөттүн жыйынында айтты.

Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматы жана Ички иштер министрлигинин бирдиктүү тестирлөө борборун түзүү боюнча иш-чараларынын планын иштеп чыгуу зарыл.

“Жарандар күбөлүктү тест тапшырган соң алгандай кылыш керек. Айдоочулук күбөлүктү да алар бир жерден алуулары кажет. Мындай борборлорду Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда түзүүгө болот. Ошону менен бирге тесттин 500дөн ашык түрү болушу керек. Себеби жарандар аларга кандай варианты туш келерин билбеши зарыл. Мунун баарын тезинен аткаруу керек”, - деди Исаков.

Ошондой эле Исаков Кыргызстанда канча автомектеп бар экенине кызыкты.

Буга билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева республика боюнча 223 мектеп иштей турганын айтты.

Кудайбердиева Билим министрлиги автомектептерге лицензияны мыйзамда жазылган процедураларга ылайык берилерин түшүндүрдү.

Сапар Исаков эки жуманын ичинде бул документти иштеп чыгып, айдоочулук күбөлүк берүүгө укуктуу автомектептерди талдап чыгууну тапшырды. Ал өлкөнүн бардык эле автомектептери талапка жооп береринен күмөн санады.

Тег: Өкмөт

Яндекс.Метрика