Издөөдө жүргөн согушкер кармалды

16:56 11.02.2019
Screenshot_1.png  

 Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун согушкери кармалды, - деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 29-январында УКМК тарабынан терроризмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтыктын алкагында жүргүзүлгөн контртеррористтик иш-чаралардын негизинде, КР жараны М.Х. кармалды. Ал КР кылмыш-жаза кодексинин 375-беренесинде каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.

Такталган маалыматтарга ылайык, кармалган адам 2015-жылы “джихад” идеологиясын көздөп, Сирияга кеткен. Эл аралык террористтик уюмдарга кошулуп, куралчан согуштарда Сириянын өкмөтүнө каршы күрөшкөн. Жыйынтыгында ал КМШ өлкөлөрүнүн бирине жиберилген.

Тег: Кылмыш

Яндекс.Метрика