Көчмөндөр оюндарына даярдык башталды

12:10 16.12.2017
2017-12-16_15-09-47.png

Көк-бөрү оюну

Премьер-министр Сапар Исаков Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдыктарды баштоого расмий старт берди.

Өкмөт башчы белгилегендей, Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары башка өлкөлөрдүн кызыгуусун жаратууга, туристтердин өлкөгө болгон ишеним деңгээлин жогорулатууга жана анын жагымдуулугун арттырууга көмөк көрсөтөт.

- Беш жыл аралыгында Кыргызстан өзгөрдү жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу биздин өлкөнү Жер шарындагы көптөгөн адамдар тааный баштады. Биз оюндун уюштуруучулары жана ээси катары дүйнө жүзүнө көчмөндүн жашоо образын, көчмөндөрдүн маданиятын жана цивилизациясын көрсөткүбүз келет, – деп белгиледи Сапар Исаков.

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары Ысык-Көл облусунун аймагында 2018-жылдын сентябрь айында өтөт. Улуттук спорт оюндары боюнча мелдештер Чолпон-Атадагы ат майдан менен “Газпром” спорт комплексинде жана «Кырчын» капчыгайында болот.

Тег: Спорт

Яндекс.Метрика